"Ала-Тоо" маалымат программасы: жума, 14.01.2022 (21:00) 14 Янв, 2022 1411
1. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында Кыргызстандан Казакстандын Алматы шаарына барган жоокерлер кайтып келди. Алматыга барган 150 жоокер аталган шаардагы стратегиялык объектилердин бири, Жылуулук электр борборун кайтарган.
2. "Кумтөр" кенинде алтынды бөлүп алуу иши жыл жыйынтыгы менен 88 пайызды түздү.
3. "Айыл чарбасын каржылоо -10" долбоорун ишке ашыруу башталды. Тогуз жылдан бери иштеп келген долбоор өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жолго салуу максатында демилгеленген.
4. Өлкөдө эпидемиологиялык абал кайрадан курчуду. Коронавирусту дарылоо боюнча Кыргызстанда алтынчы клиникалык протокол иштелип чыкты.