"Ала-Тоо" маалымат программасы: дүйшөмбү, 02.05.2022 (21:00)#АЛАТОО24 2 Май, 2022 1148
1. БҮГҮН - ОРОЗО АЙТ
Кыргызстанда Орозо айт майрамы белгиленүүдө. 30 күндүк орозо айын жыйынтыктап, Бишкектин эски аянтында майрамдык Айт намаз окулду. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров катышты.
2. АЙТ МААРЕК БОЛСУН!
Ар бир дубанда мусулман жамааттары майрамдык айт намазга чогулуп, таң эртеден ибадат кылып, бата тилешти.
3. МАМЛЕКЕТТИК КОЛДОО
Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн алкагында, аймактардагы айыл чарба өндүрүүчүлөрү жеңилдетилген насыяларды алышты. Мамлекеттик колдоо тармактын кайсы багыттарына берилүүдө?
4. СУГАТ СУУСУН НАТЫЙЖАЛУУ ПАЙДАЛАНУУ
Быйыл нымдуулукту сактоочу сугат жана ирригация тутумун даярдоо демейдегиден эрте башталды.