"Ала-Тоо" маалымат программасы: шаршемби, 25.05.2022 (21:00) 25 Май, 2022 1107
1. ТАМЫРЫ ТЕРЕҢ ЭКИ ЭЛДИН ДОСТУГУ
Тили менен дини бир, Кыргызстан менен Казакстандын тарыхы, алакасы менен келечектеги карым-катнашын тарыхчылар, саясат таануучулар жана коомдук ишмерлер талкуулашты.
2. ТЫШКЫ СООДАДАГЫ ИРИ УЮМ
Евразия экономикалык биримдиги 8 жыл аралыгында институционалдык калыптануудан өтүп, аймактык экономикалык интеграция боюнча эл аралык уюм катары түптөлдү.
3. ОРГАНИКАЛЫК ӨНДҮРҮШКӨ КАРАЙ
Кыргызстан Борбор Азиядагы органикалык өндүрүштүн борбору деген макамга ээ болушу керек. Бул тууралуу туруктуу органикалык айыл чарба өндүрүшүн түзүүнүн келечегине арналган форумда айтылды.
4. КТРК КӨЧМӨ СТУДИЯСЫ АЙМАКТАРДА
Кыргыз телерадио берүүлөр корпорациясынын көчмө студиясы Баткен жана Ош облустарында иштеп жатат. Чыгармачыл топ, аймактагы иш-чараларды жеринен чагылдырууда.