Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2018-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык, Жайкы Азия оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама кошууну окуу-машыгуу чогулмаларын өткөрөт.
Окуу-машыгуу чогулмалары 24-апрелден 10-майга чейин Махачкала (Россия) шаарында өтмөкчү. Курама кошуун окуу-машыгуу чогулмаларынан кийин 10-майдан 15-майга чейин ушул эле шаарда өтө турган Али Алиев эл аралык мелдешине катышат.