Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын күмүш медалын жеңип алды.
Финалдык беттеште Юкако Каваи менен кез келип, 4:3 эсебинде жеңилип калды.
Айсулуу Тыныбекова 3-август күнү килем үстүнө чыгып, алгачкы беттешинде латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 жана экинчи жолугушуусунда румыниялык Криста Тунде Индачени тушеге басуу менен мөөнөтүнөн мурда уткан. Жарым финалдык беттеште украиналык Ирина Коляденкону 10: 0 эсебинде утуп, Олимпиада оюндарынын финалына чыккан.