Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиевдин Олимпиада оюндарынын алкагындагы алгачкы атаандашы белгилүү болду.
65 кг салмакта чүчү кулак бүгүн, 5-август күнү болуп өттү. Ага ылайык, Акматалиев 1/8 финалдык баскычта күрөшкө чыгып, бул салмактагы фаворит балбандардын бири индиялык Бажранг Пуния менен жолугат. Беттеш эртең, 6-август күнү болот.