Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Олимпиада оюндарындагы марафондо 42 чакырым 195 метр чуркап, марага 36-болуп келди.
Жалпысынан жарышка 88 жеңил атлетчи катышкан. Мелдештин жыйынтыгын Олимпиаданын уюштуруу комитети расмий сайтына жарыялады. Кыргызстандык атлет кыз 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 35 мүнөт 35 секундада чуркап келген.
Бул жарышта Кения өлкөсүнүн спортчусу Перес Жепчирчир биринчи болуп 2 саат 27 мүнөт 20 секундада келип, олимпиада чемпиону болду. Кыргызстандык спортчу кыз олимпиада чемпионунан сегиз мүнөттөй артта калган.