Жаңылыктар
9 , Окт, 12:25 5222

Балбан Калы Сулайманов дүйнө чемпионатында күрөшкө чыгат

image

Кыргызстандык балбан Калы Сулайманов бүгүн дүйнө чемпионатында килемге чыгат. 

63 килограмм салмакта күч сынашкан балбан мелдештин чейрек жарым финалында япониялык Кенсуке Шимицу менен кармашат.

Бүгүн ошондой эле 67 килограмм салмакта кыргызстандык Марлен Асикеев килемге чыгат. Ал квалификациялык турда украиналык Алексей Масюк менен кез келет. 

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. 

Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 7-октябрда кыз-келиндер күрөшү аяктады. Мелдеш 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз