Жаңылыктар
9 , Нояб, 12:19 304

Дүйнө чемпионатында командалар канча киреше көрөт?

image

20-ноябрда Катардын стадиондорунда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталат. Дүйнөнүн күчтүү улуттук курамалары Орто Азияда мыктылардын мыктысы болуу үчүн ат салышат. Командалар дүйнөлүк кубоктон тышкары ири акчалай байге үчүн да таймаш жүргүзөт.

Эми турнирдин катышуучулары менен жеңүүчүсү канча киреше көрөрүн айтып берели.

Дүйнө чемпионатынынын жеңүүчүсүнө канча акча бөлүнөт?

ФИФА байге фондун көбөйтүү тенденциясын улантууда. Бардык командаларга бөлүштүрүлө турган акчалай сыйлыктын суммасы учурда 440 миллион долларды түзсө, 4 жыл мурун байге фонду 400 миллион евро болгон. Ал эми 2014-жылы 360 миллион доллардын тегерегинде акча бөлүнгөн. 

Негизи жалпы байге фонду 1 миллиард долларды түзөт. Анын ичинен:

  • 370 млн мундиалга барчу оюнчулардын клубдарына берилет;
  • 220 млн - оюнчуларды жаракаттардан камсыздандырууга;
  • 70 млн - турнирдин даярдыгы үчүн төлөмгө жумшалат.

Муну менен катар жеңүүчү ала турган сумма да көбөйөт. 2018-жылы Франция  жеңүүчү иретинде 38 миллион доллар киреше тапса, 2014-жылы Германия өзүнүн капчыгына 34 миллион америка валютасын салган. Ал эми быйылкы дүйнө чемпиону 42 миллион евро алат.

Белгилей кетсек, 2002-жылы Жапония менен Түштүк Кореяда өткөн Дүйнө чемпионатынан кийин жеңүүчүгө акчалай сыйлыктын көлөмү бир топ көбөйгөн. 2002-жылда 8 миллион болсо, 2006-жылы 20 миллионду түзгөн. Жапония менен Түштүк Кореяда телекөрсөтүү укугун сатуу аркылуу уюм жакшы киреше көрүп, тескерисинче улуттук курамалар андан түшкөн акчага канааттанган эмес. Ошол себептүү ФИФА байге фондун жогорулата баштады.

Дүйнө чемпионатынынын катышуучулары канча алат?

32 улуттук команданын ар бири өз үлүшүн алат. Мелдешке жолдомо алганы үчүн ар бир футболдук ассоциация капчыкка 9 миллион доллардан салат. Команда тайпадан акыркы орунду алып четтеп калса дагы бул сумма тапшырылат.

Андан кийинки байгелер турнирдин жыйынтыктарына көз каранды. Мисалы, командалар плей-оффтун биринчи баскычына чыкканы үчүн 13 миллион доллар алышат. 1/4 финалга жолдомо алган командалар өз федерацияларына 17 миллион доллар алып келишет.

Жарым финалчылар минимум 25 миллионду капчыкка салат (бул байгени 4-орунду алган команда алат). Коло байгенин жеңүүчүсү 2 миллионго көбүрөөк киреше көрөт. Ал эми финалга чыккандар 30 миллион доллардын ээси болушат.

Чемпион - 42$ млн

Вице-чемпион - 30$ млн

Күмүштүн ээси - 27$ млн

4-орун - 25$ млн

Чейрек финалчылар -17$ млн

Плей-оффтун катышуучулары - 13$ млн

Тайпалык баскыч - 9$ млн

Кошумчалай кетсек, Дүйнө чемпионаты – 2022 20-ноябрда Бишкектин убактысы боюнча 22.00дө башталат. Алгачкы оюн турнир ээси Катар менен Эквадордун ортосунда болот. Ал эми финалдык беттеш 18-декабрда Лусаил шаарында өтөт. Дүйнө биринчилигин башынан аягына чейин УТРК Спорт телеканалы түз алып берет.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз