Жаңылыктар
21 , Нояб, 15:20 877

КР футбол союзунун жетекчилиги ФИФАнын саммитине катышты

image

Катардагы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында өткөн ФИФАнын саммитине Кыргызстандын футбол союзунун жетекчилиги катышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен кабарлашты.

ФИФАнын президенти Жанни Инфантино ФИФА-2022 аткаруучу саммитинде Дохадагы мүчө ассоциацияларынын делегаттарын куттуктап, бардык катышуучуларды футбол аркылуу биригүү жана глобалдык оюнду өнүктүрүү үчүн биргелешип иштөөнү улантууга үндөдү.

Саммитте ФИФАнын кеңири спектри боюнча маалымат берилди. Делегаттар жылдын соңуна карата финансылык прогноздору менен бөлүштү. Инфантино ошондой эле дүйнө жүзү боюнча COVID-19 пандемиясына жана башка кризистерге карабастан, ФИФАнын жыл жыйынтыгы боюнча кирешеси 7,5 млрд долларды түзөрүн, бул бюджетте каралгандан 1 млрд доллардан көп экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, 32 команда катышкан футбол боюнча 22-Дүйнө чемпионатынын ачылышына КФСтин президенти Медербек Сыдыков, CAFA’нын вице-президенти, КФСтин аткаруу комитетинин мүчөсү Дастан Конокбаев, КФСтин башкы катчысы Нурдин Букуев катышты.

Турнир 20-октябрда старт алды. Анда Катар менен Эквадор жолугуп, оюн 2:0 эсебинде эквадорлуктардын пайдасына жыйынтыкталды. 2 голду тең “Фенербахченин” чабуулчусу Эннер Валенсия киргизди.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз