20-ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты старт алды. Турнирди Катар - Эквадор беттеши ачып, оюн 2:0 эсебинде эквадорлуктардын пайдасына жыйынтыкталды.
Эннер Валенсия дубльдын автору болду. Бүгүн дагы УТРК Спорт телеканалында кызыктуу беттештер болот. Саат 19:00дө Халифа Эл аралык стадиондо Англия менен Иран кезиксе, 22:00дө "Аль-Тумама" оюн талаасында Сенегал - Нидерланды беттеши башталат. Ал эми 01:00дө АКШ жана Уэльс курамасы "Ахмад бин Али" стадионунда жолугат.