Футбол боюнча Катардагы Дүйнө чемпионаты кызуу уланууда.
21-ноябрда 3 беттеш болуп ѳттү. Англия – Иран оюнунда Гарет Саутгейттин шакирттери 6:2 эсебинде утуп алса, Нидерланды курамасы Сенегалды 2:0 эсебинде тизе бүктүрдү. Ошондой эле, АКШ менен Уэльс “Ахмад бин Али” стадионунда кезигип, жеңүүчүнү аныктай алган жок. Беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.
22-ноябрь күнү да кызыктуу беттештер болмокчу. Саат 16:00дө “Лусаил” стадионунда Аргентина менен Сауд Аравия курамасы жолугат.
19:00дө Дания жана Тунис курамалары “Эдьюкейшн Сити стэдиумда” 3 упай үчүн күч сынашса, 22:00дө Мексика – Польша беттешине күбө болобуз.
Ал эми бүгүнкү күндүн акыркы оюну түнкү саат 01:00дө болот. Анда дүйнө мундиалынын учурдагы жеңүүчүлөрү Франция курамасы Австралия менен кез келет. Бардык оюндарды КТРК Спорт жана Улуттук биринчи каналдан түз эфирде көрө аласыздар.