Жаңылыктар
2 , Дек, 15:09 509

С тайпасындагы драма. Германия курама командасы Дүйнө чемпионатынан четтеп калды

image

Өзгөчө кыш мезгилинде болуп жаткан Дүйнө чемпионатындагы тайпанын 3-турунда кызыктуу беттештер аябай көп болду. Айрыкча С тайпасында күтүлбөгөн учурга күбө болдук. Германия курама командасы Коста-Риканы 4:2 эсебинде жеңип, бирок турнирден 2-жолу катары менен четтеп калды. Буга Жапония улуттук курама командасы себеп болду. Чыгыш Азиянын өкүлдөрү Испанияны сенсациялуу түрдө 2:1 эсебинде утуп чыкты.

Негизи мындай болуп кетет эч ким күтпөсө керек. Анткени Германия курамасы Коста Рикага каршы беттеште бат эле алдыга чыкты. 10-мүнөттө Серж Гнабри Раумдун жардамы менен өзгөчөлөнө алган. Ушуну менен биринчи таймда гол көрө алган жокпуз. Ал эми паралелльдик оюнда Испания курамасы Жапонияны 1:0 эсебинде жеңип жаткан. Албетте, мындай көрүнүш Германияны да, Испанияны да плей-оффко чыгармак. Аль-Байт стадионунда отурган германиялык серепчилер эки оюндун тең жүрүшүнө ыраазы болуп, бир-бири менен кол алышып жатышкан.

Бирок экинчи 45 мүнөттүктө коста рикалыктар Ельцин Техеданын жардамы менен эсепти кыскартып, 70-мүнөттө Мануэль Нойер өз дарбазасына автогол багыттап алуу менен Борбордук Американын өкүлдөрү алдыга чыкты. Ошол эле убакта наркы оюнда жапондор Испанияга 2 гол киргизип, кубанычы койнуна батпай турду. Эң кызыгы оюн ушундай таризде бүтсө, Жапония менен Коста Рика плей-оффко чыкмак.

Мына ошол көз ирмемден тарта, Германиянын оюнчуларына жана серепчилерине күлгөнгө убакыт болгон жок. Алмашуудан чыккан Кай Хавертц дубль жасаса, Фюлькругг дагы бир гол киргизип, эсепти 4:2 айландырды. Бирок бул артыкчылык немистерге кийинки баскычка чыгууга кепилдик болуп бере алмак эмес. Анткени паралелль оюнда Испания курамасы дале Чыгыш Азиянын командасына жеңилип жатты. Германиялык серепчилер дал ушул фурия рохо менен самурайлардын беттешин көрүп турушту. Натыйжада, ал оюндагы эсеп өзгөрүүсүз калып, бундестим расмий түрдө 2-жолу катары менен мелдештен четтеп калды.

Ошентип, С тайпасында Жапония 1-орун, Испания 2-орун менен плей-оффко жолдомо алды. 1/8 финалдык бөлүктө Жапония курамасы Хорватия менен беттешсе, Испания Мароккого кезигет.

Германия 2014-жылы Дүйнө чемпионатын утканы баарыбызга белгилүү. Ал эми 2018-жылы аталган курама тайпадан чыкпай калган. Эми мынтип бул мелдештин тайпалык баскычынан да ары өтө алган жок. Мындайды тенденция деп эсептесе болобу же жылына 6,5 миллион евро айлык алган Ханс-Дитер Флик кийинки ири спорттук форумда оңдоп кете алабы?


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тектеш материалдар

Көп окулууда