Жаңылыктар
6 , Март, 11:36 1230

Кыргызстан курамасы дүйнө чемпиону

image

Хоккей боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) командалары арасындагы дүйнө чемпионатын жеңди.

Турнир 27-февралдан 5-мартка чейин Босния жана Герцеговинада өтүп, бир айлампада өз ара ойногон 6 команда катышкан.

Ар бир команда 5тен оюн өткөрдү. Кыргызстан курама командасы бардык беттештерде жалпы 76:5 эсебинде жеңишке жетип, турнирдин жеңүүчүсү болду.

Бул жеңиш Кыргызстан курама командасына келерки жылы Түркмөнстан, Тайбэй, Түштүк Африка, Люксембург, Таиланд жана Түндүк Корея курамалары ойной турган үчүнчү дивизиондун А тайпасына кирүүгө мүмкүндүк берди.

Оюндар 17-23-апрель күндөрү Түштүк Африкада өтөт. Өткөн жылы Кыргызстан курамасы төртүнчү дивизиондун командалары арасындагы дуйнө чемпионатын жеңип алган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда