Жаңылыктар
22 , Март, 10:27 217

Бишкекте кыз-келиндер арасында футбол боюнча тандоо мелдеши өтөт

image

Бишкекте 2024-жылы Парижде (Франция) өтө турган Олимпиада оюндарына кыз-келиндер арасында футбол боюнча квалификациялык турниринин биринчи этабынын тандоо туру болот.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан, Индия жана Түркмөнстан курама командаларынын катышуусунда тандоо турунун G тайпасынын оюндары өтөт. Оюндар 5, 8 жана 11-апрелде өтөт.

Командалар бири-бири менен ойноп чыгышат. Топтун жеңүүчүсү тандоонун экинчи туруна өтөт.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз