Жаңылыктар
23 , Март, 9:57 908

Месүт Өзил бутсасын мыкка илди

image

«Реал», «Арсенал» жана Германия курама командасынын мурдагы футболчусу Месүт Өзил спорттук карьерасын жыйынтыктады.

«Баарыңарга салам. Көп ойлонгондон кийин профессионалдык спорттон кетүүнү чечтим. 17 жыл футболдон ырахат алып келдим. Мен бул мүмкүнчүлүк үчүн абдан ыраазымын. Бирок, акыркы жумаларда жана айларда, узак жаракат алган көйгөйлөрдөн кийин, мага кетүүгө убакыт келгени айкын болду.

Мен унутулгус көз ирмемдерге жана эмоцияларга толгон укмуштуудай жолду басып өттүм. Мен ойноп кеткен «Шальке», «Вердер», «Реал», «Арсенал», «Фенербахче», «Истанбул Башахшехир» клубуна ыраазычылыгымды билдиргим келет. Баарыңарга чоң рахмат.

Өзгөчө менин үй-бүлөмө жана жакын досторума рахматым айтам. Алар менин сапарымдын биринчи күнүнөн тартып мени менен бирге болуп, кубанычтуу да, кайгылуу күндө да мага чоң сүйүү жана колдоо көрсөтүштү.

Мени эч нерсеге карабай сүйгөн бардык күйөрмандарыма ыраазычылык. Эми мен сулуу жубайым Аминага жана сулуу кыздарым Эда менен Элага убакыт бөлгөнү жатам. Бирок, мен тууралуу дагы көп көп маалымат угасыздар» - деп жазды футболчу өзүнүн социалдык тармактарында.

34 жаштагы Өзил футболдук карьерасында Дуйнө чемпионатын, Германия кубогун, Испания кубоуг менен өлкө супер кубогун уткан. Ал эми Англияда үч жолудан Англия кубогу менен өлкө супер кубогун жеңген.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз