Жаңылыктар
28 , Март, 9:15 559

Сербияда болчу эл аралык мелдешке 5 кыргызстандык боксчу катышат

image

Бокс боюнча Кыргызстан курамасы Сербияда өтчү эл аралык мелдешке катышат.

Belgrade Winner турнири Белград шаарында 28-март 3-апрель аралыгында өтөт.

Кыргызстан курамасынын катарына 5 спортчу кирди. Аларды ага машыктыруучу Акыйкат Абаев жетектейт.

Ошондой эле Кыргызстандын катарына IBA эл аралык даражадагы калыс Мукаш Ырсаиев дагы кошулду.

Кыргызстан курамасысынын тизмеси:

48 кг - Анвар Ходжиев

57 кг - Баяман Азизбек уулу

63,5 кг - Аскат Култаев

86 кг - Эркин Адылбек уулу

92 кг - Бакыт Токтосун уулу Бакыт

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз