Жаңылыктар
29 , Март, 9:09 334

Эркин күрөш боюнча Казакстанда өтө турган Азия чемпионатына кайсы балбандар барат?

image

Эркин күрөш боюнча Казакстанда өтө турган Азия чемпионатына катышуу үчүн Кыргызстан курама командасынын курамы белгилүү болду.

Турнир 9-апрелде Алматы шаарында старт алат. Эркин күрөш боюнча мелдеште 10 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстан улуттук курамасына 10 спортчу кирди. Аларды башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетектейт.

Эркин күрөш боюнча мелдеш 9-10-апрель аралыгында өтөт.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстан курамасынын тизмеси:

57 кг - Алмаз Сманбеков

61 кг - Улукбек Жолдошбеков

65 кг - Тайырбек Жумашбек уулу

70 кг - Орозбек Токмамбетов

74 кг - Исламбек Орозбеков

79 кг - Адилет Маратбаев

86 кг - Нуртилек Карыпбаев

92 кг - Мирлан Чыныбеков

97 кг - Арсалан Турдубеков

125 кг - Музафар Жапуев

Башкы машыктыруучу - Руслан Маджинов

Ага машыктыруучу - Сүймөнкул Таабалды уулу жана Ислам Тазабеков

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз