Жаңылыктар
30 , Март, 9:52 247

Бернхардт Таиланд чемпионатында биринчи голун киргизди

image

Футбол боюнча Кыргызстан курамасынын мурдагы футболчусу Эдгар Бернхардт Таиланд чемпионатында бул сезондогу алгачкы голун киргизди.

Жарым коргоочу Биринчи лигасындагы «Удон Тхани» клубунда ойнойт.

29-мартта 30-турдун алкагында «Удон Тхани» менен «Чайнат» беттешкен.

Кыргызстандык футболчу оюнду алгачкы мүнөттөн баштаган. 43-мүнөттө командасынын 2-голун киргизди.

Ал эми «Удон Тхани» атаандашын 4:3 эсебинде утуп алган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз