Жаңылыктар
30 , Март, 13:26 372

Бокс боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык мушкерлер жеңиштен баштады

image

29-март күнү Белградда (Сербия) бокс боюнча Belgrade Winner эл аралык турнири старт алды.

Мелдештин биринчи күнүндө 3 боксчу Кыргызстандын намысын коргоду.

Аскат Култаев жана Эркин Адылбек уулу жеңиштерин камсыздап, кийинки раундга өттү. Ал эми Бакыт Токтосун уулу испаниялык атаандашына жеңилип, турнирден четтеп калды.

Беттештин жыйынтыктары

63,5 кг

Жогуртха Айт Бекка (Алжир) - Аскат Култаев - 2:3

86 кг

Эркин Адылбек уулу - Мохаммед Ассагхир (Марокко) - 5:0

92 кг

Бакыт Бакыт Токтосун уулу - Энмануэль Рейес Пла (Испания) - 0:5

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз